Мамлекеттик тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган депозиттик эсепке 31 миллион сом топтолду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Эсепке жеке жана юридикалык жактардан каражат түшүп жатат.
Ал 2021-жылы Садыр Жапаровдун буйругу менен ачылган. Эске салсак, соңку маалыматтар боюнча өлкөнүн тышкы карызы 4,3 миллиард долларды түзөт.