Улуттук банк алтын куймаларын сатууну токтотту.
Каржы мекемесинин сайтында жазылгандай, мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык
абалдан улам кабыл алынды. COVID-19дун тарашын азайтуу максатында Улуттук банк
эскирип калган акчаларды алмаштырууну жана алтын куймалары менен нумизматикалык
баалуулуктарды сатууну убактылуу токтотот. Бул иштер өлкөдө
эпидемиологиялык абал жакшыргандан кийин кайра улантылат.