АКШ тургуну 263 килограммга арыктады

АКШ тургуну 263 килограммга арыктады. Эркек өспүрүм кезинен эле толуп баштаган. Ал бир гана тез даярдалуучу тамактарды жеп, аз кыймылда болгон. Бир жолу ал душка түшүп жатып, чыгуу үчүн жардамды 11 саат күтүүгө аргасыз болгон.

 

Ошол учурдан кийин ал арыктоо чечимин кабыл алып, ашыкча салмак менен күрөшүүсүн баштаган.

 

Диета жана спорт менен машыгуу көптөн күткөн жыйынтыктарды берип, ал эми гана 263 килограммга арыктагандан кийин толук кандуу жашап баштаганын билдирди.