Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү 1 млрд доллардан ашат деп күтүлүүдө

Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү жыл аягына чейин 1 миллиард доллардан ашат деп күтүлүүдө.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Novosti.kgге билдиргендей, бул былтыркыга салыштырмалуу эки эсе көп дегенди билдирет.

Маалыматка ылайык, бул жылы экономикада диверсификация жүрүүдө.

Алсак, чет элдик инвесторлор каражатын реалдуу секторго жумшап жатышат, — деди Умбриэль Темиралиев:

“Буга чейин Кыргызстанга инвестиция тоо кен тармагына эле келе берчү. Учурда каражат туризмге, кайра иштетүүгө, курулуш тармагына, тестиль секторуна кирип жатат. Бир өлкө бутуна туруш үчүн инвестициянын баары реалдуу экономикага киргени жакшы. Андан тышкары, айти технологияга кирип жатат. Мындан ташкары, Санарип көчмөндөр региондордо иштеп жатышат. Алар да мамлекетке каражат алып келишүүдө.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанга инвесторлор негизинен Россия, Кытай, Араб мамлекеттеринен келет.