Коомдук унааларда жол кирени көтөрүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды

Коомдук унааларда жол кирени көтөрүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти. Белгилеп кетсек, 18-январда Бишкекте

маршруттук таксилер аз санда каттамга чыккан. Ага чейин коомдук унаалардын айдоочулары

калаа бийлигинен жол киренин акысын көтөрүүнү талап кылышкан. Болбосо алар ишке чыкпай

тургандыгын билдиришкен. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев

айдоочулар менен жолугуп, маселени чечип берүүгө убада берген.