Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 379 миллион долларга 2 миң 248 долбоорду жактырды

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 379 миллион долларга 2 миң 248 долбоорду жактырды. Бул тууралуу фонддун төрагасы Эркин Асрандиев билдирди. Буга чейин жазылган долбоорлордун көбү шаардан түшкөн сунуштарга жумшалса, былтыркысынын 83 пайызы аймактарга кеткен.

 

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен Россия өкмөттөрүнүн макулдашуусунун негизинде түптөлгөн. Уставдык капиталы 500 миллион доллар болгон каражатты Россия кайтарымсыз негизде бөлүп берген.