“Манас” эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат

“Манас” эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат. Бизге аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, коюу туман тараган соң, аэропортто кармалып жаткан бардык учактар конуп, учуп кетти.

 

Эске салсак, бүгүн эртең менен коюу тумандан улам “Манас” аба майданында бир нече эл аралык жана ички каттамдар аткарылган жок.