Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 3-февралдан тарта өлкөнүн басымдуу аймактарында аба табы кескин төмөндөп, жаан, кар жаайт.

 

Тоолуу аймактардагы жолдордо күрткүлөр пайда болуп, муз тоңот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетиши мүмкүн. Мындай аба-ырайынын шарттары транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.