Баткенде азык-түлүктүн 46 тонна запасы бар.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов билдирди.
Анын айтымында, учурда азык-түлүктөр бардык айылдарга жеткирилип берилүүдө.
Ошондой эле аймактардан керектүү товарлар, буюмдар гуманитардык жардам катары
жеткирилип жатат. Учурда азык-түлүк жетиштүү көлөмдө, аларга муктаждык жок.
Белгилеп кетсек, аймакка 120 тонна азык жеткирилди.
Алар “Баткенге жардам” штабы тарабынан 4 күндө чогултулду.