“Манас”, “Ош” жана “Ысык-Көл” аэропортторунда чет элдиктерди жана жарандыгы жокторду өткөрүү жанданды

Кыргызстанда “Манас”, “Ош” жана “Ысык-Көл” аэропортторунда чет элдиктерди жана жарандыгы жокторду өткөрүү жанданды.

 

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Ошондой эле, бардык жүргүнчүлөр карманууга милдеттендирген эрежелер иштелип чыкты.

 

Алсак, учууга 72 саат калганда ПЦР анализ тапшырылып, анда ковиддин жоктугу көрсөтүлүшү керек. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы учакка жүргүнчүлөрдү киргизүүнүн алдында жана Кыргызстан аэропортторунун санитардык-карантиндик түйүндөрүндө текшерилип турат.