Мартта кыргызстандыктарды кошумча эс алуулар күтүп турат

Мартта кыргызстандыктарды кошумча эс алуулар күтүп турат. Эмгек башкармалыгынан эскертишкендей, Эл аралык аялдар күнү жана Нооруз майрамына карата 8-мартта жана 21-мартта кошумча дем алыш берилет.

 

7-мартта иш күнү бир саатка кыскартылат. Бирок 26-март, ишембиде кыргызстандыктар жумушка чыгат, анткени ал үчүн 6-январда эс алуу берилген.