Кыргызстандын валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу

Кыргызстандын валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. Ал белгилегендей, өлкөнүн башкы каржы мекемеси талап кылынса керектүү өлчөмдө интервенция өткөрүүгө даяр.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Улуттук банк үч жолу интервенция жасап, 169 миллион доллар сатты.

 

Өлкөнүн алтын-валюталык резерви 2 миллиард 764 миллион долларды түзүп, 6 айга жетет.