Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарынын жана
Бишкектин 186 медицина кызматкери эс алышат. Алардын арасында илдеттин очогунда иштеген дарыгер,
медайым, техникалык эмгек жамааттын өкүлдөрү жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүү кызматкерлери бар.