Бишкекте супермаркет жана кафелердин иш тартиби өзгөрдү

Бишкекте коомдук унаа, супермаркет жана кафелердин иш тартиби өзгөрдү.

Мэриядан билдиришкендей, эми шаардагы автобус, троллейбус жана кичи автобустар

эртең мененки саат 7ден 11ге чейин жана 2ден түнкү 11ге дейре иштешет. Бирок мурункудай эле

дем алыш күндөрү каттамга чыгышпайт. Аянты 100 чарчы метрден көп болгон супермаркет,

соода борбор, дүкөндөр тармагы эртең мененки саат 7ден түнкү 12ге чейин кардарларды тейлесе болот.

Ал эми кафе, ресторандар жана башка тамактануу жайлары кечки 10го чейин иштей алат.

Ошол эле учурда батут, велосипеддерди ижарага берүү, тойкана жана

көңүл ачуучу жайлардын иштөөсүнө уруксат бериле элек.