Жалал-Абадда быйыл заманбап эс алуу аймагы пайда болот

Жалал-Абадда быйыл заманбапэс алуу аймагы пайда болот. Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, ал Спутник кичи районунун аймагында орун алат.

 

Жаңы скверде бактар тигилип, гүл композициялары отургузулуп, веложолчо жана улуттук оюндар үчүн аянтчалар курулат.

 

Долбоорду ишке ашыруунун баасы дээрлик 50 миллион сомду түзөт. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт.