Кыргызстандын бардык медициналык жайлары вирустун экинчи толкунуна даяр болушу керек

Кыргызстандын бардык медициналык жайлары вирустун экинчи толкунуна даяр болушу керек. Премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялагандай, адистердин божомолунда коронавирустун экинчи толкуну ушул күздө болушу мүмкүн.

 

Андыктан, ооруканалар тиешелүү жабдууларды, дары-дармекти запастап алуусу зарыл. Медицина кызматкерлеринин ден-соолугунун абалына дагы көз салуу керек, — деди өкмөт башчы.