Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы алмашты

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы алмашты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Артурбек Жуманазаров Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагалыгынан бошотулуп, анын ордуна Азамат Муканов дайындалды.