Парламент министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына Адылбек Касымалиевдин талапкерлигин колдоду.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, буга чейинки вице-премьер-министр Арзыбек Кожошев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулган.
Учурда анын милдетин Адылбек Касымалиев аткарууда.