Жарым жыл ичинде майнерлер өлкөнүн бюджетин ишмердүүлүк салыгы түрүндө дээрлик 6 миллион 800 миң сомго толукташты.
Бул тууралуу Каржы министрлигинен маалым болду.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде казынага түшкөн майнинг салыгы 2 миллион 600 миң сомдон бир аз гана ашкан.
Муну менен майнерлердин ишмердүүлүгүнөн мамлекеттик казынага түшкөн киреше 2,5 эсеге өстү деп жыйынтык чыгарууга болот.