Түштүк Кореядагы президенттик шайлоодо оппозициялык партиянын талапкери жеңишке жетти

Түштүк Кореядагы президенттик шайлоодо оппозициялык партиянын талапкери жеңишке жетти.

Эл аралык басылмалардын маалыматына ылайык, Юн Сок Ель шайлоочулардын 48,56 пайыз добушун алды.

Анын негизги атаандашы Ли Чже Мен 47,83 пайыз добушка ээ болду.

Добуш берүүгө шайлоочулардын 77,1 пайызы катышты.

Белгилеп кетсек, Түштүк Кореядагы президенттик шайлоо кечээ өттү.