Чүй облусунун дыйкандары сугат суусунун жетишсиздигине нааразы болууда

Чүй облусунун дыйкандары сугат суусунун жетишсиздигине нааразы болууда. Алардын айтымында, суунун жоктугу республиканын азык-түлүк коопсуздугуна чоң коркунуч жаратууда.

 

Сугат суусу менен камсыздоодо чоң маселелер бар экендигин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов дагы мойнуна алды. Ал белгилегендей, бул Чүй дарыясына суу кирбей калганына байланыштуу.

 

Андыктан, Чөн Чүй каналында дагы дефицит катталды. Марипов тиешелүү органдарга сугат суусу менен дыйкандарды камсыздоо тапшырмасын берди.

 

Эске салсак, 11-июнда Айыл-чарба министрлиги сугат суусунун жетишсиздиги фермерлик чарбачылыктардын ирээтке келтирилбегендиги үчүн келип чыкты деп жарыялады. Ведомство маселени кезекти туура бөлүштүрүү менен чечсе болот деген пикирде.