Жарым жылда ККМ колдонгон компаниялардын кирешеси эки эсе көбөйдү

Кыргызстанда акыркы жарым жылда көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонгон компаниялардын кирешеси эки эсе көбөйдү.

Мамлекеттик салык кызматынан ишендиришкендей, алты айда ишканалар дээрлик 700 миллиард сом киреше табышты.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 352 миллиардга көп.

Мекеме 2022-жылдын башынан бери 20 миңден ашуун чарбалык субъектилер ККМ колдоно баштаганын белгиледи.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө жалпысынан 52 миңден ашуун көзөмөл-кассалык аппараттары колдонулат.