Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунан 50 миллион доллар грант алууну пландап жатат.
Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артем Новиков билдирди. Анын айтымында,
Экономика жана каржы министрлиги аталган каражатты алуу боюнча документке кол коюп,
Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна макулдук катын жөнөттү. Акча айыл чарбасын колдоого,
климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо иштерине, энергетика тармагына берилет.