ЕАЭБ өлкөлөрү ичинен инфляциянын деңгээли Кыргызстанда эң жогору.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, биздин өлкөдө быйыл
октябрда 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу инфляция 7,9 пайыз болду.
Товарларга, азык-түлүккө болгон баа 9,4 пайызга, кызмат көрсөтүү 2 пайызга кымбаттады.
Ал эми салыштырмалуу айта турган болсок Арменияда инфляциянын деңгээли 4,2 пайызды,
Россияда 6,5 пайызды жана Казакстанда 7 пайызды түздү. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда
күйүүчү майдын кымбатташы азык-түлүк жана күнүмдүк керектүү товарлардын наркына
таасирин тийгизди. Расмий түрдө инфляция 7,9 пайыз деген менен айрым
товарлар 50 пайызга чейин кымбаттады.