Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы алгачкы жолдоштук беттеште
Сауд Аравиянын командасын жеңип алды. Бул тууралуу Футбол
федерациясынан кабарлашты. Оюн 5:3 эсебинде аяктады.
Беттештин биринчи бөлүгүндө эки команда тең эки голдон киргизди.
Экинчи бөлүктө кыргызстандык команда үч гол киргизип, алдыга озуп чыкты.
Улуттук кураманын кийинки беттеши 5-февралда өтөт.