“Ювентус” клубунун башкы машыктыруучусу Андреа Пирло отставкага жөнөтүлөт

“Ювентус” клубунун башкы машыктыруучусу Андреа Пирло отставкага жөнөтүлөт.

Мындай чечим ушул сезондогу канааттандырылбаган жыйынтыктардан улам кабыл алынды.

Учурда “Ювентус” жетекчилиги Пирлону азыр эле жумуштан кетирүүнү же мөөнөтү толук

аяктаганын күтүүнү карап жатат. А сериясындагы “Сассуоло” менен болгон 36-турдун беттешинде

команданы Игор ТУдор жетектеши күтүлүүдө. Эске салсак, “Ювентус” 9-майда өз талаасында

“Миланга” 0:3 эсебинде утулду. Муну менен туриндик команда

Чемпиондор Лигасына чыгууга болгон күрөштө жаман көрсөткүчкө түшүп калды.