Кыргызстандык балбандар эл аралык турнирден 3 медаль багындырышты

Кыргызстандык балбандар эл аралык турнирден 3 медаль багындырышты. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештер 7-9-май аралыгында Нур-Султан шаарында өттү.

 

82 килограм категориясында килемге чыккан Орункул уулу Бекзат алтын медалга ээ болсо, Аркыт Орозбеков жана Давран Садыков күмүш медалдарды тагынды. Турнирге Кыргызстан, Казакстан, Россия, Грузия, Тажикстан, Өзбекстандан 250дөн ашык спортчу катышты.