Кыргызстанда милиция иштин күчөтүлгөн режимине өтөт

Кыргызстанда милиция иштин күчөтүлгөн режимине өтөт.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов novosti.kgге билдиргендей,

мындай режим шайлоого чейин жана добуш берүү күнүндө киргизилет. Учурда өлкө боюнча

ар бир шайлоо тилкесине тиешелүү укук коргоочулар бекитилген. Алар абалды көзөмөлдөп,

коомдук коопсуздукту камсыздашат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо

4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышууда. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат.