Кыргыз-тажик чек арасын эки өлкөнүн укук коргоочулары чогуу кайтарып жатышат

Кыргыз-тажик чек арасын эки өлкөнүн укук коргоочулары чогуу кайтарып жатышат.

Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Мындай иш кечээ кечинде башталды. Милициянын маалыматына ылайык,

учурда кырдаал туруктуу. Эске салсак, кечээ түнү кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып,

туш келди ок атылганы кабарланган. Мындан улам Баткен районунун Көк-Таш айылынын

250дөй тургуну коопсуз жайга чыгарылып, айылдагы мектепке жайгаштырылды.