Москвада үйлөнүү тойдо белекке келген конверттер уурдалды


Москвада үйлөнүү тойдо белекке келген конверттер уурдалды. Салтанат ресторанда өтүп жаткан. Бир учурда жаштар 3 конвертти таппай калган. Аларда жалпысынан 55 миң рубль болгон.

 

Той учурунда эле алар полицияга кайрылууга аргасыз болушту. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ууру коноктордун бириби, же сырттан келгенби, азырынча белгисиз.