Улуу Британияда ит кымбат суммага сатылып, рекорд коюлду

Улуу Британияда ит кымбат суммага сатылып, рекорд коюлду. Уникалдуу интеллекти бар овчарка итин 39 миң долларга сатып алышты. Ит бардыгын түшүнөт, ээсине жардам берет, мал бакканга дагы жөндөмдүү.

 

Белгилеп кетсек, буга чейинки рекорд дагы овчарка тукумундагы итке таандык болчу. Былтыр жаныбарды 26 миң долларга сатып алышкан.