Өкмөт жарандардын накталай долларды четке чыгаруусун чектөөнү карап жатат

Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш 8-августта Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк буга чейин коммерциялык банктар жана юридикалык мекемелерге өлкөдөн долларды чыгарууга убактылуу чектөө киргизген. Ал эми жарандардын накталай каражатты чыгаруусуна чектөө киргизүү укугу Министрлер кабинетине таандык.

 

«Бул маселени Министрлер кабинети карап жатат», — деди Нурбек Жеңиш.

 

Улуттук банктын өкүлү валюта рыногундагы учурдагы олку-солкулуктан улам көмүскө базар пайда болуу тобокелчилиги бар экенин четке какпай, азыркы тапта тиешелүү органдар алып барып жатканын кошумчалады.

 

Буга чейин Улуттук банк жана өкмөт жетекчилиги валюта рыногундагы кызыл кулактар Орусиядан накталай эмес валюта которууларды жүргүзүп, бул жактан накталай акчаны чыгарып кетип жатканын айтып, тиешелүү чараларды убада кылган.