Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда 2022-жылы өтөт

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда 2022-жылы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди.

 

Анын айтымында, Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапарынын алкагында коронавирус пандемиясы  үчүн иш-чараны кийинки жылга жылдыруу чечими кабыл алынды. Оюндарга Кыргызстан мыкты даярдык көрүп барат, “Көчмөндөрдүн ааламы” этнофестивалын уюштуруу пландалууда, — деди министр.