Индияда кеңселердин биринде өзгөчө акция жүрүп жатат

Индияда кеңселердин биринде өзгөчө акция жүрүп жатат. Фирманын жетекчиси “Ден соолукта бол” программасын иштеп чыкты.

 

Ага ылайык, компаниянын кызматкерлерине туура тамактануу, көп кыймылда болуу жана саламаттыгына кам көрүү сунушталат.

 

Алар жыйынтыктары менен бөлүшүп, башка адамдарды дагы шыктандырып турушу керек. Эң мыкты жыйынтык көрсөткөн кызматкерге айлыгынын көлөмүнө барабар сый акы берилет.