Мунапыс талаштуу үйлөрдүн баарына эле бериле бербейт

Бишкекте уруксатсыз курулган кабат үйлөрдүн баарына эле мунапыс бериле бербей турганын бүгүн 22-февралда Бишкек шаардык кеңешинин Муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин Бишкек боюнча башкармалыгынын башчысы Жоодарбек Атакеев билдирди.

 

Атакеев андай объекттердин саны 35ке жеткенин, баары менен пайдубалы казыла баштагандан бери соттошуп келатышканын, курулушун дароо токтотууга мыйзам уруксат бербей турганын, ишкерлерди текшерүүгө мораторий бар экенин айтты.

 

Экономика министрлигинен уруксат алып, эреже бузулуп жатканы тууралуу арыз-даттануу түшөрүн күтүп отурганча бир ай убакыт кетип каларын, бул аралыкта курулуш компаниялары үйдүн экинчи же үчүнчү кабатына жетип каларын белгилеген жетекчи мунапыс бериш үчүн ар бир талаштуу үй адегенде сейсмикалык текшерүүдөн өтөрүн билдирди:

 

“Алар текшерип, жарайт десе, жери жана башкы планы боюнча маселеси болбосо гана мунапыска кирет. 34түн баары кирбейт. Биз ал объекттер менен соттошуп жатабыз. Тургундар толук жашап жаткан он кабат үйлөр бар. Алардын баарын чыгарып салып, буз деп эч ким айтпайт. Ошондуктан, эч болбогондо кепилдик болушу үчүн Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо боюнча мамлекеттик институттан пайдубалынан баштап ар бир колоннасына чейин текшертип, “сейсмикалык жактан туруктуу, пайдаланса болот” деген бүтүм чыкканда гана чечим кабыл алабыз”.

Айрым депутаттар андай болсо каалаган киши уруксатсыз үй куруп, кийин мыйзамдаштырып аларына жол ачыларын айтып, мунапыс берилбөө керектигин белгилешти.

 

Кыргызстанда мамлекеттик органдардын уруксаты жок курулуп жаткан кабат үйлөрдүн саны 87, алардын 34ү Бишкекте экени 21-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде маалым болгон. Мамлекеттик архитектура, курулуш департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу аларга мунапыс жарыялоо пландалып жатканын, ар бир үй текшерилерин, уруксат ошонун негизинде берилерин айткан.