Аймактарда азыр медицина кызматкерлерине муктаждык өтө курч эмес

Аймактарда азыр медицина кызматкерлерине муктаждык өтө курч эмес.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда ордо калаада жана Чүй облусунда аймактардан келген 106 кызматкер

иштеп жатат. Аларды тартуу жөнүндө чечим ар бир облустагы муктаждыкты эске алуу менен

кабыл алынган. Алар негизинен ортоңку персонал. Эгер алардын

өз аймактарында муктаждык жаралса кайра жөнөтүлөт.