Чолпон-Ата шаарында жаңы мэр дайындалды

Чолпон-Ата шаарында жаңы мэр дайындалды. БШКнын маалыматына ылайык, аталган калааны жетектөөгө талапкерлигин Бердибек Иманбеков жана Муктар Чекиров койгон.

 

Добуш берүүнүн жыйынтыгында жеңишке Бердибек Иманбеков ээ болду. Анын талапкерлигин 21 депутаттан 14ү колдоду.