Франция курамасы Антуан Гризманндын жокко чыгарылган голу үчүн ФИФАга даттануу жөнөтөт. Чабуулчу кечээ Тунис менен беттештин соңку секундаларында гол киргизген.
Беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталган. Бирок арбитр финалдык ышкырыктан кийин VAR системасынын жардамы менен голду жокко чыгарды. Франциянын футбол федерациясы бул катачылык деп эсептейт. Франция утулганы менен тайпанын лидери катары автоматтык түрдө плей-офф бөлүккө чыгып, Польша менне беттешет.