Ош облусунун Ноокат районунда 3 билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди.
Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, кеп, Бел жана Көк-Бел айылдарындагы
275, 100 балага чакталган мектептер жана Ак-Чал аймагындагы 75 орундуу бала бакча
тууралуу болуп жатат. Үч объектти курууга 102 миллион сом багытталды. Каражат
республикалык бюджеттен жана жеке демөөрчүлөр тарабынан берилди.
Ушуну менен Ош облусунда быйыл 7 мектеп жана 3 бала бакча пайда болду