Быйыл Кыргызстанда 10 миң орунга эсептелген мектеп имараттары курулат

Быйыл Кыргызстанда 10 миң орунга эсептелген мектеп имараттары курулат.

Бул тууралуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун

орун басары Жумабай Каримжанов билдирди. Анын айтымында, былтыр

Бирдиктүү депозиттик эсептен 15 мектептин курулушуна 285 миллион сом каралган.

Билим берүү мекемелеринин кээ бири ушул жылдын сентябрына, калгандары

жыл аягына чейин пайдаланууга берилет. Ошондой эле быйыл курулуш иштерине,

капиталдык оңдоого, таза суу менен камсыз кылуу объектилерине 1,5 миллиард

сомго жакын каражат бөлүнөт. Акчалар биринчи кезекте авариялык

абалдагы мектептерди курууга жумшалат.