Түндүк-Түштүк жолунун 3-бөлүгүн куруу иштери кызуу жүрүп жатат

Түндүк-Түштүк жолунун 3-бөлүгүн куруу иштери кызуу жүрүп жатат.

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, бул бөлүккө караштуу бүт тилкеге ​​асфальт-бетон төшөлүп, быйылкы жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Ошондой эле эки көпүрө жана 12 суу өткөргүч куруу иштери жүрүп жатат.

Жол куруу иштерине 200дөн ашык жумушчу, 92 техника тартылган.

Бүгүнкү күнгө карата иштин 55 пайызга жакыны аткарылды.