Нарында алты миллион сомдон ашык каражатка бала бакчанын корпусу ачылды

Нарында алты миллион сомдон ашык каражатка бала бакчанын 50 орундуу кошумча корпусу ачылды.

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, курулуш иштери ушул жылдын апрелинде башталган.

Нарын облусунда мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү долбоорунун алкагында курулган имарат коомдук фонд тарабынан жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.