Тажикстан менен чек арадагы жаңжалда кеминде 18 адам жабыркады

Тажикстан менен чек арадагы жаңжалда кеминде 18 адам жабыркады. Биздин өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ооруканага 15 адам жеткирилди.

 

Анын экөөсүнүн абалы оор. Өз кезегинде, Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын басма-сөз бөлүмүнөн 2 адам жабыркаганын билдиришти.

 

Эске салсак, кечээ чек арадагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылышуу чыккан. Тажикстандын өкүлдөрү анда видео камераларын орното башташкан. Кыргыз тарап буга каршы чыгып, алгач таштар, андан кийин курал колдонулду. Жалпысынан чек арада 200дөй адам чогулду.