Нарында коронавирусту эки адам жуктурду деген жалган маалыматты тараткан адам кармалды

Нарында коронавирусту эки адам жуктурду деген жалган маалыматты тараткан адам кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, вотс апп аркылуу Кочкордо эки жаран коронавирус менен ооруп жатат деген билдирүү тараган.

 

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө мындай маалыматты жайылткан аял кармалды. Ал дезинфекция жасап жаткан санэпидем кызматынын адистерин видеого тартып, маалымат тараткан.

 

Аны менен түшүндүрүү иштери жүргзүлдү. Ички иштер министрлиги жалган маалымат таратпоого, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат. Чындыкка дал келбеген маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.