Коронавирус менен ооруган 1 миңден ашык медицина кызматкерине 200 миң сомдон берилди

Коронавирус менен ооруган 1 миңден ашык медицина кызматкерине 200 миң сомдон берилди.

 

Ошондой эле, 32 каза тапкан дарыгердин үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон төлөндү, — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

 

Андан такташкандай, компенсациялар өтүп кеткен жылы берилген. Ал эми 2021-жылы каражат эч кимге бериле элек. Компенсация алууга 4 миңден ашык арыз келип түштү. Эске салсак, бул жылы жумуш учурунда вирус жугузуп алган медицина кызматкерлерине берилүүчү компенсациянын суммасы 75 миң сомго төмөндөтүлдү.