Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир жаран кармалды

Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир жаран кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-мартта ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында

Ош шаарынын тургуну кармалды.  Ал калаадагы турак үйлөрдүн биринде

жашаган адамдар коронавирус жуктуруп алды деген жалган маалымат тараткан.

Медициналык кызматкерлердин текшерүүсүнүн жыйынтыгында коронавирус

жуктургандар аныкталган эмес. Учурда УКМК вирустун таралышы боюнча

жалган маалымат тараткандарды аныктоону улантууда. Эске салсак,

жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.