Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 6, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүйдө 2, Нарында 1, Ысык-Көлдө 2 учур катталды.

 

Алардын үчөөсү медицина кызматкери. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 695ке жетти.