Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында сел жүрдү.
Район администрациясынан билдиришкендей, сел ташкыны 4 үйдү жараксыз абалга келтирди.
Мындан тышкары, 12 турак жайдын короосуна суу толуп, эки үйдүн дубалы жана 4 ички чарбалык
көпүрө жарактан чыкты. Иштерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен атайын техника жана
24 кызматкер тартылды. Учурда жалпы чыгымдын өлчөмү жеринде такталууда.
Жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандар катталган жок.