Жалал-Абадда “Нефтчи” командасы менен “Хужант” беттешет.
Азия футбол конфедерациясынын кубогунун оюндарынын алкагында
өтүп жаткан жолугушуу эртең «Курманбек» стадионунда өтөт.
Эске салсак, 5-февралда Түркмөнстандын «Ахал» командасы
«Нефтчи» менен болгон мелдешке Кытайда чыккан коронавируска
байланыштуу келбей койгон. АФК аталган клубду турнирден четтетип,
«Нефтчи» автоматтык түрдө плей-оффко чыккан.