Кыргызстанда августта күйүүчү май дагы 4 – 5 сомго кымбатташы күтүлүүдө

Кыргызстанда августта күйүүчү май дагы 10 пайызга же 4 – 5 сомго кымбатташы күтүлүүдө. Мунай ташуучулар союзунан билдиришкендей,

бул июнь-июль айларында россиялык заводдордо бензиндин тоннасы

70 долларга, дизелдик отун 60 долларга кымбаттаганына байланыштуу. Белгилеп кетсек, быйыл жыл башынан бери бензиндин чекене баасы

16 сомго жогоруласа, дизелдик отундуку 13 сомго өстү. Баалардын көтөрүлүшү мунайдын кымбатташы жана тартыштыгы, ошондой эле

суроо талаптын өскөнүнө байланыштуу.